2021-жылдын февраль айында Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында электр чубалгыларынын курулушу башталганын жарыялаган. Алгач жумуш Баткен облусунан башталып, андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улантылат.
CASA-1000 Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия - Кыргызстан, Тажикстан менен Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Долбоор зарыл болгон электр тармактар комплексин модернизациялоону, жаңы көмөк чордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын курууну көздөйт, бул Кыргызстан менен Тажикстанга жайында ашыкча электр энергиясын Пакистан менен Ооганстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.