Кыргызстанда инфраструктуралык объектилерди Түркиялык MİTAŞ компаниясы курат. Ал төрт мамлекетте тең долбоордун консультант уюму болгон Эл аралык каржы корпорациясынын жардамынын негзинде тендер аркылуу тандалып алынган.
Курулуштун башталышы тарыхый учур. Долбоор боюнча сүйлөшүүлөр 2007-жылы Кабулда Борбордук жана Түштүк Азия регионалдык электр энергия рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганда башталган. 2008-жылы төрт мамлекеттин биринчи өкмөттөр аралык кеңеши Исламабадда өтүп, анда бир катар негизги чечимдер кабыл алынган. Анын ичинде тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыккан. Документти иштеп чыгуу 2011-жылга чейин созулган. Натыйжада, анын бардык катышуучулары - Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан үчүн CASA-1000ди ишке ашыруу пайдалуу болору белгилүү болду.