Долбоорго
катышкан өлкөлөр

Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан
CASA-1000 Борбор Азиянын энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия - Кыргызстан, Тажикстан менен Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Долбоор зарыл болгон электр тармактар комплексин модернизациялоону, жаңы подстанцияларды жана жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын курууну карайт, бул Кыргызстан менен Тажикстанга жайында ашыкча электр энергиясын Пакистан менен Ооганстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.
"Датка" көмөкчордонунда атайын курула турган 500кВ кубаттуулуктагы уюлдуктан узундугу 455 чакырымга жеткен электр берүү чубалгысы Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтөт.
Ошол жерден линия Жалал-Абад, Ош жана Баткен аймактары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин созулат. Көпчүлүк учурда, электр берүү чубалгысы үч региондун сейрек жашаган аймактарын кыдырып, линиянын курулушуна жакын жайгашкан болжол менен 25 калктуу конушту аралап өтөт.
Долбоордун жалпы наркы 1,1 миллиард долларды түзөт, анын 20% дан ашыгы Кыргызстанга туура келет. Долбоорду республикада үч донор каржылайт - Дүйнөлүк Банк, Ислам Өнүктүрүү Банкы жана Европа Инвестициялык Банкы. Жалпысынан өнөктөштөрдөн Кыргыз Республикасына 185 млн$ каралган.