Калк үчүн пайдасы

CASA-1000 Kyrgyz Republic
Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистандагы электр чубалгыларынын боюнда жайгашкан жергиликтүү жамааттар ар бир экспорттолгон киловатт-сааттан 0,1 центтен бонус алышат.
Жогорку чыңалуудагы линия өтө турган 25 калктуу конушта жашаган адамдар гана эмес, аймактын башка жергиликтүү жамааттары дагы колдоого алынат. Долбоордун донорлору CASA-1000 бенефициарларынын санын кеңейтишти. Кыргызстандын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен биргеликте, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 77 калктуу конуштарында, анын ичинде 36 облус жана 5 шаарда жергиликтүү жамааттарды колдоо боюнча долбоордун үч компонентин ишке ашырышат.
Жергиликтүү жамаатты колдоо боюнча долбоорлорду каржылоонун жалпы көлөмү 11 миллион долларга бааланган, анын 10 миллион долларын Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы (Дүйнөлүк Банк тобунун бөлүгү) бөлүп берген, ал эми 1 миллион доллары - көп тараптуу ишеним фондунан. Акча үч багытта бөлүштүрүлөт: электр менен жабдууну жакшыртуу, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана киреше алып келүүчү объектилерди каржылоо.

Ушул долбоорлордун алкагында жардам үлүштүк негизде калктуу конуштар арасында бөлүштүрүлөт. Ушул максатта, АРИСтин эксперттери программаларды түздөн-түз каржылоодон мурун, жергиликтүү тургундарды социалдык мобилизациялоо жана калктын муктаждыктарын талдоо боюнча кеңири масштабдуу кампания жүргүзүштү.

Бүгүнкү күнгө чейин электр менен жабдууну жакшыртуу багытында ар бир калктуу конушта иштин көлөмү аныкталды. Агенттик буга чейин долбоорду ишке ашырууну баштаган. Белгиленгендей, ар бир айылга электр тармактарынын эскилигине жараша 15 миң доллардан 70 миң долларга чейин өлчөмүндө грант берилет. Жаңы курулуш жана реконструкциялоо мамлекеттик бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар "Ошэлектро" жана "Жалалабадэлектро" аркылуу жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, акыркы сөз жергиликтүү жамааттарга таандык, каржылоонун акыры эмнеге кетээрин алар чечишет.

Учурда АРИС маалымат топтоону жана экинчи багыт - социалдык инфраструктураны өркүндөтүүнү талдай баштады. Программаны ушул жылдын 1-мартында ишке киргизүү пландалууда. Үчүнчү багытта - киреше алып келүүчү объектилерди каржылоо - жумуш 2022-жылы башталат. CASA-1000 ППМСтин бул компоненти "Ага Хан Фонду" менен биргеликте ишке ашырылууда. Программанын алкагында, ар бир адам ишкана ачуу же иштеп жаткан ишканаларын модернизациялоо же кеңейтүү үчүн 30$ дан 100$ миңге чейин грант алууга арыз бере алышат.