Жанылыктар

CASA-1000 долбоору жана анын айлана-чөйрөгө, коомчулукка тийгизген таасири жөнүндө 10 факты

Электр энергиясын өндүрүүгө байланышкан долбоорлорго анын айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү коомчулукка тийгизген потенциалдуу таасиринен улам скептицизм менен караган учурлар көп кездешет. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандан өндүрүлгөн электр энергиясын Ооганстан менен Пакистан өлкөлөрүнө сата турган CASA-1000 долбоорунда айлана-чөйрөгө жана калкка тие турган терс таасирлерди минималдаштыруу максатында бир катар маанилүү чаралар жасалды. Буга байланыштуу биз сиздерге туруктуу өнүктүрүүгө жана социалдык жоопкерчиликке басым жасаган CASA-1000 долбоору жөнүндө 10 кызыктуу фактыны сунуштайбыз.

№1 факт: Баарынан экология маанилүү. Алгач CASA-1000дин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берилди

CASA-1000 долбоорунун курулуш иштеринин алдында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо боюнча (ОВОСС) документ иштелип чыкты. Ага долбоордун терс деп эсептелинген потенциалдуу кесепеттерин азайтууга жана жоюуга багытталган превентивдүү чаралар камтылды.

Ошондой эле, электр берүү чубалгыларынын (ЭБЧ) айлана-чөйрөгө жана адамдарга тийгизген таасирин изилдөөгө багытталган бир катар олуттуу иштер жасалды жана жыйынтыктар чыгарылгандан кийин курулуш иштерине старт берилди.

Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирди баалоого карата Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги оң баасын берди.

№2 факт: ЭБЧ маршруттары коргоого алынган жаратылыш аянттарынан оолагыраак орнотулду

CASA-1000дин маршрутунда кездешүүчү өсүмдүктөр менен аймактар категорияларына жараша эки аймакка жана үч округга бөлүнөт (чөлдөр, шалбаалар, токойлор жана суулуу-саздак жерлер деген сыяктуу).

Аталган маршруттар республиканын коргоого алынган жаратылыш аймактарынан алысыраак жерлерге жайгаштырылды. Андан сырткары, долбоордо ЭБЧ маршрутунда жайгашкан жер аянттарын рекультивациялоо иштери да каралган. Долбоордун алкагында экологиялык жактан оң натыйжага ээ болгон мамлекеттик рекультивациялоо долбоору да даярдалып чыкты.

№3 факт: ЭБЧ маршрутунун айланасында кызыл китепке кирген жаныбарлар жашабайт

Долбоордун эксперттери жай-күз мезгилинде ЭБЧнын айланасынан эки километрлик аралыкта жашаган жаныбарлардын түрлөрүнө талаа изилдөөсүн жүргүзүшгөн. Алар аталган аймактан сүт эмүүчүлөрдүн, сойлоп жүрүүчүлөрдүн жана амфибиялардын бир нече түрүн табышкан жана алардын бири дагы жоголуу коркунучунун алдында эмес экендигин аныкташкан.

Ошондой эле алар таасир этүү коридорунун алдында туруктуу түрдө жашабайт. Андыктан, электр берүү чубалгылары жана анын курулуш иштери аталган жаныбарларга таасирин тийгизбейт. Андан сырткары, ЭБЧ маршруттары сүт эмүүчүлөрдүн кайсы бир маанилүү миграция жолдору менен кесилишпейт.

№4 факт: ЭБЧны орнотууда кызыл китепке кирген жаныбарлар жабыркаган жок

CASA-1000 долбоорунун айлана-чөйрөгө болгон таасирин азайтуу үчүн көп кырдуу ыкмалар жасалды. Алардын арасынан эң маанилүү аспектилердин бири КРнын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрүн көчүрүү болду.

Кызыл китепке кирген мандалак жана төө таман сыяктуу уникалдуу өсүмдүктөрдүн түрүн сактап калуу максатында – ЭБЧнын маршруту бир нече жолу өзгөртүлдү. Ошондой эле, бул өсүмдүктөр көпчүлүк жерди ээлегендиктен, аларды көчүрүп отургузууга туура келди. Көчүрүү иштерин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдыңкы эксперт биологдору жүргүздү. КРнын аймагында биринчи жолу УИАнын Биология институтунун жана “Фонд Аргали” коомдук фондунун кызматкерлеринин күчү менен Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү (көчүрүү жолу менен) сактап калуу боюнча масштабдуу операция жүргүзүлдү.

Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү жогоруда аталган өсүмдүктөрдүн жаңы жерге ыкташып өсүп кетүүсүнө мониторинг жүргүзгөн учурда, ал көрсөткүч 96%ды түзгөн. Иштин жыйынтыгы бул түрдөгү өсүмдүктөрдү көчүрүүнүн эң жакшы өрнөгү болду.

Бардык иштер жаратылышты коргоо мыйзамына ылайык аткарылып, мамлекеттик тиешелүү органдар тарабынан бекитилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Кызыл китебине нык төө таман жана мандалактын 12 түрү киргизилген:

1. Жогору умтулган мандалак;

2. Грейг мандалагы, чаар мандалак;

3. Кауфман мандалагы;

4. Колпаковский мандалагы;

5. Окшош мандалагы;

6. Корольков мандалагы, жалтырак мандалак;

7. Островский мандалагы;

8. Мала кызыл мандалак;

9. Зинаида мандалагы;

10. Жазы аталыктуу мандалак;

11. Төрт жалбырактуу мандалак;

12. Неуструев мандалагы.

№5 факт: CASA-1000 долбоорунун алкагында канаттууларга карата терс таасирлер азайтылды

ЭБЧ маршрутун жүргүзүү пландалып жаткан аймактарды изилдөө жана канаттуулардын миграция булактарын анализдөө учурунда КРнын аймагы Борбор Азия миграция жолунда жайгашкандыгы аныкталган. Ал эми канаттуулардын маанилүү миграция жолдору ЭБЧ маршрутунун чегинен тышкары жана аларга катарлаш өткөрүлөт.

Долбоордун алкагында ЭБЧ тирөөчүнүн конструкциясына бекитилген аянттарда канаттулардын зымдардан токко урунуусун алдын ала турган чаралар көрүлдү. Электр берүү чубалгылары, анын тирөөчтөрү, изоляторлор жана тогу бар зымдар канаттууларды токтон коргой турган түзүлүштөр менен капталды.

Канаттуулардын коопсуздугу үчүн ток уруудан коргоо түзүлөштөрү менен ЭБЧнын тирөөчүнө уя сала ала тургандай аянтчалар орнотулду. Ал эми булар өз кезегинде канаттуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.

№6 факт: ЭБЧ маршрутун тандоо учурунда тарыхый-маданий мурастарга тиешелүү 31 эстелик табылды

Кызыктуу факт: Электр берүү чубалгыларын орнотуу үчүн оптималдуу маршруттарды издеп жаткан учурда тарыхый-маданий мурастарга тиешелүү 31 эстелик табылган. Тактай келгенде бул объектилерлин буга чейин мамлекеттик реестрге катталбагандыгы аныкталган.

Аталган объектилердин бир катары ЭБЧнын курулушуна жакын болгондуктан, аларды сактоо максатында маршруттар өзгөртүлгөн. Аларды этеликтерден алысыраак орнотууга мүмкүн болбогон жерлерге курулуш иштерин жүргүзүүдө, ЭБЧнын эксплуатациясында аларды коргоо жана терс таасирлерин азайтуу максатында атайын чаралар иштелип чыкты.

№7 факт: ЭБЧга жакын жана анын алдында жайгашкан жерлерде айыл чарба иштерин жүргүзүүгө болот

Калктын басымдуу бөлүгүнүн кирешеси айыл чарбасынан көз каранды болгондуктан, долбоор айыл чарба багытындагы жерлерди сактоого да кызыкдар.

Аталган жерге жүргүзүлгөн экспертизага ылайык, курулуш иштери аяктагандан кийин ЭБЧга жакын жайгашкан жана анын алдындагы жер аянттарына коркпостон айыл-чарба иштерин жүргүзүп, жер иштетүүгө жана жайыт катары колдонууга болот.

№8 факт: ЭБЧга коңшулаш жашоо мүмкүн

ЭБЧ менен коңшу болууда жөнөкөй эрежелерди сактай турган болсок, анын терс таасири тийбейт. Эрежеге ылайык, турак-жайлар ЭБЧнын акыркы зымынан эң аз дегенде 30 метр алыстыкта жайгашышы шарт.

Бул талапты толугу менен аткаруу үчүн CASA-1000 долбоорунун адистери тарабынан таасир этүү коридорлору аныкталган. Анын туурасы 90 метрди түзөт жана бул зонада турак-жай курулуштарына тыюу салынат.

№9 факт: Көчүрүү планы жергиликтүү тургундар менен макулдашуунун негизинде иштелип чыккан

Жергиликтүү тургундар менен ЭБЧнын ортосундагы аралык 90 метрден кем болгон учурлар кездешкен үчүн тургундарды көчүрүү планы иштелип чыкты. Бул ишти долбоордун аткаруучу агенствосу “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКы ишке ашырды.

”КУЭТ” жергиликтүү тургундар менен биргеликте көчүрүү иштеринин планын түзүп, аны иш жүзүнө ашырды.

№10 факт: ЭБЧ курулушунда улуттук коопсуздук талаптары сакталат

CASA-1000 долбоору Бүткүл дүйнөлүк банк, Европа инвестициялык банкы жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Ал эл аралык стандарттардын талабына жана улуттук жаратылышты коргоо мыйзамына жооп берет. Ал эми булар мындай ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы башкы талаптар болуп саналат.
Макалалар