Кыргызстанда аталган ЭБЧ үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455,6 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт.

1131 (91,2%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1106 (89,2%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 1005 (81%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 673 (54,3%) тирөөч орнотулду. Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.
