Жанылыктар

Энергетика министрлигинин Кыргызстандагы CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу маалыматы

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) жана «Датка» 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда.

Азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу, тирөөчтүн чуңкурларын казуу, тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондооо иштери аяктады.

Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, 1125 тирөөч орнотулду жана 186,8 чакырым зымдар тартылды.

Жалпысынан Кыргызстан боюнча 500 кВ электр берүү чубалгысынан «Датка» көмөк чордонуна чейин 456 чакырым электр берүү чубалгысы тартылат.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Жаңылыктар