Кыргызстанда аталган ЭБЧ үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455,6 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт.
Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери аткарылды:
902 (73%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 844 (68%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 708 (57%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду , 428 (35%) тирөөч орнотулду. Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241.
Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 84 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар, 44 бирдиктеги траспорттук каражаттар жана 230 жумушчу тартылып, анын дээрлик 70% жергиликтүү тургундар түзөт.
Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.
Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.