электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) курулууда.
Кыргызстанда аталган ЭБЧ үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын
курула турган 500 кВ чөнөктөн 455,6 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош
жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары
аркылуу өтөт.
Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери аткарылды:
1006 (81%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 927
(75%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 824 (66%) тирөөчтөр арматураланды
жана бетондолду , 487 (39%) тирөөч орнотулду. Курула турган электр
тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241.
Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер
жүрүп жатат. Ишке 150 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар,
траспорттук каражаттар жана 285 жумушчу тартылып, анын 70%га жакынын
жергиликтүү тургундар түзөт.
Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди
мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.
Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк
Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын
энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.