Жанылыктар

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК CASA-1000 долбооруна социалдык коргоо боюнча адисти тандоого тендер жарыялайт

Борбор Азия - Түштүк Азия (CASA-1000) электр энергиясын өткөрүү жана соодалоо долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган CASA 1000 долбооруна жана коомчулукту колдоо программасы боюнча социалдык коргоо боюнча адисти тандоо боюнча тендер жарыялайт.

Кызыккан адистер 2023-жылдын 8-сентябрына чейин резюмесин орус жана англис тилдеринде төмөндөгү дарекке же электрондук почтага жөнөтө алышат.

Адиске талап кылынган квалификациялар/тажрыйбалар:

Бул жумушка алынган социалдык кызматкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

Коомдук илимдер (социология, антропология, экономика, география, өнүгүүнү пландаштыруу же башка тиешелүү тармактар) же экономикалык илимдер (экономика, финансы же башка тиешелүү тармактар) тармагында Жогорку билим/Магистр даражага ээ;

Социалдык өнүктүрүү/камсыздандыруу, көчүрүүлөрдү пландаштыруу, донорлордун каржылоосу менен Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан долбоорлордо кызыктар тараптар менен консультациялар боюнча иштеген 3 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы;

Жеке менчик жерди алуу, структураларга таасир этүүчү экспроприация процедуралары боюнча улуттук мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды билүү жана өлкөнүн жалпы саясий экономикасын билүү;

Бүткүл дүйнөлүк банктын айлана-чөйрөнү коргоо, коргоо саясатын колдонууда жана жергиликтүү жамааттар менен иштөөдө талап кылынган көндүмдөргө ээ болуу;

Энергетика тармагындагы долбоорлор боюнча Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана экологиялык абалын билүү артыкчылык болуп эсептелет.

Мурунку тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Орус тилин билүү, англис тилин билүүсү керек;

Компьютердик сабаттуулук;

Мыкты коммуникативдик, презентациялоо жана уюштуруучулук жөндөмгө ээ болушу керек;

Кошумча маалыматты жана техникалык тапшырманы төмөнкү дарек боюнча, иш күндөрү саат 8.00дөн 17.00гө чейин алууга болот.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсы

Бишкек, ул. Жибек Жолу 326, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК.

Тел: (+996) 312 66 11 05;

Электрондук адрес: bseydyldaev@mail.ru, piunesk@mail.ru.
Жаңылыктар