Кыргызстанда аталган ЭБЧ үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455,6 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт.
![](https://static.tildacdn.com/tild3461-3035-4166-b433-303139643938/2022-06-27_105719.jpg)
Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери аткарылды:
1094 (88%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1023 (82%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 927 (75%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 598 (48%) тирөөч орнотулду. Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241.
![](https://static.tildacdn.com/tild3134-3337-4834-b634-633730626161/2022-06-27_105659.jpg)
Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 150 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар, траспорттук каражаттар жана 329 жумушчу тартылып, анын 70%га жакынын жергиликтүү тургундар түзөт.
Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.
![](https://static.tildacdn.com/tild3432-3262-4664-b832-373764353130/2022-06-27_105727.jpg)
Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.