Жанылыктар

Кыргызстанга киреше алып келе турган CASA—1000 долбоорунун курулушу аяктады

Кыргызстан CASA—1000 долбоорунун инфраструктуралык объекттеринин курулуш иштерин бүткөрүп, аны ишке киргизүү алдында турат. Аны утурлай «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча тобунун жетекчиси Акылбек Тюменбаев менен маек курдук. Акылбек Тюменбаев долбоордун максаты, ал өлкөгө кандай пайда алып келери тууралуу айтып берди.
CASA—1000 долбоору Кыргызстанга кандай пайда алып келет?

Сөз башында CASA—1000 долбоорунун жаралышынын тарых-таржымалын айта кетейин. 2007-жылы төрт мамлекеттин энергетика министрлеринин ортосунда Борбор Азиядан өндүрүлгөн жайкы электрэнергияны Түштүк Азиянын мамлекеттерине сатуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстан менен Тажикстан электр энергияны Афганистан менен Пакистанга сата турган болгон.

Учурда Кыргызстан долбоордун алкагындагы курулуш иштерин аяктады. 500 кВ чыңалуудагы 456 чакырым электр берүү чубалгылары Тажикстандын чек арасына чейин курулду. Ал андан ары Тажикстандагы Согд көмөк чордонуна жана Сангтуда көмөк чордонуна барып, Афганистандын аймагы аркылуу туруктуу ток менен Пакистанга өтүп кетет. Ал жакта Нуашера шаарында 500 кВ чыңалуудагы туруктуу ток менен көмөк чордон салынууда.

Бул долбор биздин экономикага эмне берет?

Бизге май айынан сентябрь айына чейин электр энергияны сатууга мүмкүнчүлүк болот. 15 жылдын ичинде биздин «Электр станциялары» ААКсы1 млрд 200 млн доллар, ал эми «Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясы 322 млн доллар киреше алат. Бул каражаттарды энергетика тармагын модернизациялоого, оңдоп-түзөө иштерине жумшоого болот. Бул Кыргызстандын энергетика тармагындагы биринчи коммерциялык долбоор болуп саналат.

Бул долбоорго катышуу өлкөдөгү электр энергиянын тарифине таасир тийгизбейби?

Бул долбоор Кыргызстандагы электр энергиянын колдонуучулары үчүн болгон тарифке таасирин тийгизбейт. Анткени анын ички тарифке тиешеси жок. Бул жогорку баадагы экспорттук тариф болуп саналат.

Башында айткандай эле CASA—1000 киреше алып келе турган долбоор болуп саналат. Ошондуктан экономиканын, энергетика тармагынын өсүшүнө өбөлгө түзүп, киреше алып келет.

CASA—1000дин алкагында электр берүү чубалгылары тартылып өткөн айылдарга кандай колдоо көрсөтүлдү?

Бул долбоордун алкагында Дүйнөлүк банктан 11 млн доллар грант бөлүнгөн. Ал боюнча АРИС агенттиги иш алып барды. Үч багыт боюнча иштер аткарылды. Биринчиси, электр берүү чубалгылары тартылып өткөн айылдардагы электр энергияны жакшыртуу, трансформаторлорду, электр зымдарды жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Экинчиси, киреше алып келе турган кичи жана орто ишканаларды каржылоо, анын негизинде айылдарда иш орундарын түзүүгө өбөлгө болду. Үчүнчүсү социалдык объекттерди, анын ичинде бала бакча курганга, мектептерди оңдоого көмөк көрсөтүлдү.

Айта кетсем, электр берүү чубалгылары Кыргызстандын үч облусу аркылуу тартылып өттү. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунан башталып, Ош облусу, андан кийин Баткен облусунан Тажикстандын чек арасына чейин барат. Бул долбоорго 77 айыл кирген. Жардамды ошол айылдар алды.

CASA—1000 долбоору өлкөнүн энергетика тармагына инвестиция тартууга өбөлгө түзө алдыбы?

Азыр билесиздер, кичи жана орто ГЭСтер салынууда. Бул биздин ички инвесторлордун салымы болот. Нарында 100 МВт болгон Куланак ГЭСи курулууда. Мисалы алардан чыккан электр энергияны да сыртка сатса болот. CASA—1000 долбоору бүткөрүлгөндөн кийин ГЭС курган инвесторлордо акчасын кайтарыш үчүн “электр энергияны каяка сатабыз?” деген маселе жаралбайт. Баары даяр, электр линия салынды. Ошол линия менен электр энергияны сатса болот.

Курулуш учурунда экологиялык маселелер кандай чечилди?

Долбоордун башталышында эле биздин мыйзамдарга ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чоң документ кабыл алынган. Ал документ иштелип чыккандан кийин Экология министрлигинин экспертизасынан өтүп, жактырылган. Ошондон кийин гана курулуш иштери башталган.

Мисалы, Баткендин Лейлек районунда - электр линиялары өтө турган жерлерде Кызыл китепке кирген жоогазын, төө таман (аккантолимон) сыяктуу гүлдөр, өсүмдүктөр бар экен. Ал өсүмдүктөргө зыян тийгизбеш үчүн электр берүү чубалгылары өтө турган тирөөчтөр жылдырылып, аталган өсүмдүктөр жыш өскөн жерден алыс орнотулду. Төө таман аз өскөн жерлери бар экен. Аларды айланып өтүүгө мүмкүн болбогондуктан, көчүрүүгө туура келди. Ал үчүн Улуттук илимдер академиясынын адистери, окумуштуулары менен келишим түзүп, көчүрттүк. Алар төө таман жаңы жерде кандай өсүп жатканын байкоого алып, кийинки жылдары “өсүмдүктөрдүн 98-99%ы көчүрүлгөн жеринде өсүп, алынып кетти” деген корутундусун берди. Бул да болсо айлана-чөйрөнү коргоого болгон камкор мамиле болуп саналат.

Ошондой эле электр берүү чубалгылар кичинекей кескелдириктер жашаган жерлерден алыс алынып өттү.

Курулуш иштеринде кандай технологиялар колдонулду?

Салыштырмалуу айтсам болот. 2011-жылы “Датка- Түштүк” деген долбоор 208 млн долларга курулган. Акман айылында биринчи Датка көмөк чордону салынды. Андан кийин Датка- Кемин электр берүү чубалгылары курулду. Ал жерде да заманбап технологиялар колдонулган. Бирок кээ бирде техника бара албаган жерлерди кол менен казган учурлар болгон. Монтаж кылганда тирөөчтөрдү кол менен чогултушкан. Ал эми CASA—1000 долбоорунда баары техника менен жасалды. Кытайлар ушундай эле чубалгыны 3 жылда салса, пандемия маалындагы тыныгуу, жер маселесин чечүүгө кеткен убакытты эсептебегенде, CASA—1000 долбоорунун чубалгысы 2 жылда курулду. Тирөөчтөрдү пайдубалын куюуда кылдат иш алып барышты. Курулуш иштери жаңы технологиялардын жардамы менен жүргүзүлдү.

Долбоорду ишке ашырууда кайсы кыйынчылыктар эң оор болду деп айта аласыз?

Эң биринчи жер маселеси кыйынчылык жаратты. Аны макулдашып, жеке менчик ээлери менен сүйлөшүп, мамлекеттик прейскуранттар менен бааларды чечишүүгө, элди көнүп калган жеринен көчүрүүгө макулдук алууга көп убакыт кетти.

Курулуш иштерин кайсы компания жүргүздү жана ал кантип тандап алынды?

Бул долбоорду үч банк каржылады. Алар Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы. Ошондуктан эл аралык тендер өткөрүлүп, анын негизинде тендерге катышкан 14 компаниянын ичинен түркиялык MİTAŞ компаниясы тандалып алынды. Айта кетчү нерсе бизде 500 кВ электр берүү чубалгыларын курган компаниялар жок.

Энергетика тармагында дагы кандай чоң инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылышы мүмкүн?

Мисалы азыр Датка – Эркечтам, Кемин – Торугарт деген 500 кВ чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын куруу боюнча министрликтин пландары болуп жатат. Бул келечектин иши болот. Кытайга электр энергияны экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандай. Азыр четинен кичи, чакан, орто ГЭСтер салынып жатат. Бара-бара биздин гидроэнергетикалык ресурстарыбыздын баары ишке берилсе, бул да болсо, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт.