Жанылыктар

Кыргызстандагы CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) жана «Датка» 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда.

Азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, 1236 тирөөч (99%) орнотулду жана 265,78 чакырым (58%) зымдар тартылды.

«Датка» көмөкчордонунда негизги курулуш-монтаждоо иштери ийгиликтүү аяктады. Тактап айтканда, нейтралдуу, май куюучу жана өрт тосмолуу комплектиси менен 500 кВ шунттоочу реактор аксессуарлары, 3 комплектиден турган 500 кВ автоматтык өчүргүчтөр, 500 кВ ток трансформаторлорунан 3 комплекти, 500 кВ 6 даана чагылгандан коргогучтар жана башка жабдуулар орнотулду, жалпы узундугу 475 метрден ашык кабелдер тартылды.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.
Жаңылыктар