Кыргызстанда аталган ЭБЧ үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455,6 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт.
Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери аткарылды:
1164 (93,9%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1164 (93,9%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 1107 (89,2%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 744 (60%) тирөөч орнотулду. Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241.
Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 150 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар, траспорттук каражаттар жана 329 жумушчу тартылып, анын 70%га жакынын жергиликтүү тургундар түзөт.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ чөнөктүн куруу иштери башталды.
Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.
Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.
Кыргызстандагы CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу видеоролик